• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ИИМдин Ардагерлер кеңеши 64 жылдыгын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши өзүнүн түзүлгөнүнүн 64 жылдыгын белгилөөдө. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тарых беттерине көз чаптыра турган болсок, ИИМдин Ардагерлер кеңеши 1960-жылы түзүлгөн жана мындай органдардын арасындагы биринчи уюм болуп саналат. Кеңештин максаты СССРдин Ички иштер министрлигинин “Жаш кызматкерлерди тарбиялоодо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда ички иштер органдарынын ардагерлеринин тажрыйбасын пайдаланууну жакшыртуу жөнүндө” буйругун ишке ашыруу болгон. Кеңеш өз ишин бир нече багытта түзгөн: ички иштер органдарында жана ардагерлер арасында насаатчылык, идеологиялык-үгүттөө жана маданий иштерди уюштуруу.

Учурда ИИМдин Ардагерлер кеңеши ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен байланышкан маданий салттарды жана тарыхый баалуулуктарды сактоого, ардагерлердин социалдык маселелерин чечүүгө, кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүп келүүдө. Азыркы учурда республика боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын 12 миңден ашуун ардагери бар. Бүгүнкү күндө ИИМдин Ардагерлер кеңешин уюштуруучулук жөндөмү жогору милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сеитов жетектейт.

Акыркы жылдары ардагерлер коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартипти, кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча бардык коомдук иш-чараларга тартыла баштады. Анткени, милиция кызматкеринин жагымдуу образын калыптандырууда, жаш муундарды тарбиялоодо, аларда патриоттук сезимди, жоопкерчиликти жана Ата-Мекендин алдындагы милдетти өстүрүү үчүн өмүрүн коомдук коомсуздукка жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган кыргыз милициясынын ардагерлеринин чоң кесиптик жана турмуштук мол тажрыйбасы өтө зарыл.

Ошондой эле ИИМдин жетекчилигинин тапшырмасы менен ички иштер органдарынын ардагерлеринин жашоо-турмушу менен жакындан таанышуу, ден соолугунан кабар алуу, материалдык жардам берүү боюнча иштер колго алынып, министрликтин атайын тескемеси да жарык көргөн.ИИМдин Ардагерлер кеңешинин жана анын аймактардагы уюмдарынын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашууда.

Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан Ардагерлер кеңешин чын жүрөктөн куттуктайбыз. Өлкөбүздүн туруктуулугун жана бейпил жашоосун камсыздоого кошкон салымыңыздар үчүн ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери сиздерге ыраазы. Сиздер мекен үчүн кызмат кылуунун мыкты салттарын кылдаттык менен сактап келдиңиздер жана кесипке берилгендик менен мамиле кылдыңыздар. Сиздердин баскан жол-биз үчүн үлгү. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, кемибес энергия каалайбыз.

Пикир

Оставить комментарий