• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ИИМдин Атайын багыттагы полку карылар үйүнө материалдык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесине барышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер “Улгайган курактагы адамдарга кѳңүл буруу жана камкордук” деген ураандын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү департаментинин “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине материалдык жардам кѳргѳзүшүп, жеринде карылар менен баарлашып, мекеменин айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Өз кезегинде аталган мекеменин жетекчилиги Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылыгын билдиришти.

Азыркы убакта социалдык стационардык мекемесинде 204 карыя жашайт, 91 аял, 113 эркек, анын ичинен 32син майыптыгы бар карылар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий