• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери "Ата-Бейитке" барышты

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин "Шумкар" Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы маданий деңгээлин жогорулатуу максатында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, экскурсиянын жүрүшүндө аларга "Ата Бейит" мемориалдык комплексинин тарыхы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери жана кесепеттери, репрессиянын курмандыктары жана тарыхый эс тутумдун азыркы коом үчүн мааниси тууралуу маалымат берилди.

"Тарыхы болбой, эл болбойт",- демекчи, ар бир элдин басып өткөн тарыхы, маданияты жана каада-салты анын учурдагы жашоосу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий