Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана өздүк курамдын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдаштырылган жаза, тагыраагы кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
УКМК тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан ИИМде, укук коргоо органдарынын ишинде туруктуу коррупциялык схемалардын сакталышы байкалып жатканы белгиленди. Муну 2021-жылдын башынан 2024-жылдын аягына чейинки статистикалык маалыматтар да тастыктап турат.
Тактап айтканда, 135 кылмыш иши козголуп, Бишкек шаары боюнча Ички иштер министрлигинин 35 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ошону менен бирге УКМК кызматкерлери тарабынан белгиленгендей, акыркы мезгилде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери көбөйүп, алардын бир жактуу иликтенүүсү байкалууда, ал үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлери белгилүү бир материалдык жыргалчылыкка ээ болушуп, мындай көрүнүш менен алар мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын беделине терс таасирин тийгизишүүдө.
Ошондой эле катышуучуларга коррупциялык кылмыштар үчүн жазалоонун негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Буга байланыштуу чогулгандарга коррупцияга жол бербөө жөнүндө эскертилди.
Пикир
Оставить комментарий