• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлерине аскердик-техникалык каражаттар берилди

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Кечээ, 18-январда КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Түркиянын Жандармериясы тарабынан аскердик автоунаалардын тетиктерин тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Мустафа Ырмак, жандармериянын полковниги Угур Эвжим, КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев, ошондой эле командачылыктын өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын соңунда Дамир Алыбаев түрк мамлекетинин өкүлдөрүнө акысыз жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы эки тараптуу аскердик кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий