• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы иш сапары менен Түркияга барды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев 8-14-июлда иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аны Түркиянын Жандармасынын башкы кол башчысы армиянын генералы Ариф Четин Ардак кароол менен тосуп алды.

Иш сапардын негизги максаты Түркиянын Жандармасынын башкы кол башчылыгы менен КР ИИМдин Ички аскерлеринин ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө Жандарманын аскердик техникалары, атайын каражаттары жана өздүк курамдын күжүрмөн кызмат аткаруудагы даярдыктары, жашоо шарттары менен таанышуу болду. Ошондой эле Жандарма жана Жээктен Коргонуу Академиясында билим берүү багытында кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Эскерте кетсек, Түркиянын Жандармасы менен ИИМдин Ички аскерлеринин ортосунда кызматташтык узак убакыттан бери жемиштүү уланып келет.

Пикир

Оставить комментарий