• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 54 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентбярь күнү ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 54 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарада аскердик бөлүктүн командиринин убактылуу милдетин аткаруучу Кутманбек Ашымов куттуктоо сөз сүйлөп, аталган бөлүктүн тарыхы – бул жан аябас эмгектин, өздүк курамдын кайраттуулугунун жана баатырдыгынын, мекенинин чыныгы атуулдарынын жылнамаасы экенин белгилеген.

1980-жылы аскер бөлүктүн өздүк курамына Москва шаарында өткөн 22-Олимпиада оюндарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишеничи берилген. Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрүнүн негизинде аскер бөлүк СССР ИИМинин Ички аскерлеринин Аскердик Кеңешинин Туусу, СССРдин ВЛКСМдын Борбордук комитетинин Кызыл Туусу жана башка жогорку даражадагы сыйлыктар менен бир нече жолу сыйланган.

Салтанаттуу иш-чарада аскер бөлүктүн бир нече аскер кызматкери төш белгилер, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышкан.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу салтанаттуу иш-чарага аскер бөлүктүн ардагерлери жана коноктор чакырылган эмес.

Салтанатту иш-чаранын соңунда өздүк курмага майрамдык концерт тартууланып, жоокерлерге майрамдык тамак уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий