• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ИИМдин делегациясы иш сапары менен Венгриянын борборунда болуп кайтышты

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү иш сапар менен Венгриянын Будапешт шаарына барышты.

Иш-чарага ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Кенешбек уулу Олжобек, Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов, Баткен ОИИБдин Лейлек РИИБдин башчысынын орун басары Замирбек Камалов, Бишкек ШИИББнин Биринчи-Май районунун Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Арманбек Каримбердиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Константин Бедарев жана мобилдик автоунаалардын ишмердигин колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров катышышты.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жумушчу сапары 1-июлдан 6-июлга чейин созулуп, кыргыз тарап Венгриянын Улуттук мамлекеттик полициясынын кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мыкты тажрыйбалары менен таанышты.

Иш сапарда Венгрия мамлекеттик полициянын ишмердүүлүгү, укук бузуулардын алдын алуу тармагындагы алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу жана кызматташуу аракеттери жүргүзүлдү. Венгриялык полициянын колдонгон материалдык-техникалык базасына жана санариптештирүү багытында жетишкендиктерге күбө болушту. Кыргыз Республикасында кылмыштуулук менен күрөшүүдө колдонуу үчүн пайдалуу ыкмаларды үйрөнүп, аны жер-жерлерге жайылтуу боюнча бир топ иш чараны көздөп келишти.

Пикир

Оставить комментарий