Бишкек, 02.12.24. /Кабар/.Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы Бишкекте жана аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоодо.
ИИМден билдиришкендей, кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, алардын алдын алуу боюнча 2 айлык иш-мерчемдин тапшырмаларын аткаруунун алкагында Күзөт кызматынын 180ден ашуун кызматкери Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жана башка региондордо коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.
Мындан тышкары, кызматкерлер Бишкек шаарындагы мектептердин жанында нөөмөттө болуп, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий