• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ИИМдин Күзөт кызматында ыкчам кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте ИИМдин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаровдун жетекчилигинде өтүп, борбордук аппаратын жана түзүмдөрдүн башчылары аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндө ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткарууда Күзөт кызматы 9 ай аралыгында бир топ иштерди аткарууга жетишкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө Оролбек Акпаров айрым бөлүмдөрдүн жана жетекчилердин ишмердигиндеги кемчиликтерди белгилеп, жарандардын мүлкүн уурдоого жол бербөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, ИИМдин Күзөт кызматынын “Санарип күзөт” долбоорунун аткарылышы боюнча Заманбап санарип технологияларды ишке киргизүү, жооптуу болгон региондо коопсуз аймак шарттарын түзүү, жана Кыргыз милициясына 100 жылдыгына карата иш чараларды өткөрүүгө тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий