• 87
  • 89.63
  • 0.85

ИИМдин Күзөт кызматынын спорт комплекси жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жаңыланган спор ткомплексинин ачылышы болуп, Бишкек шаарынын Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, Күзөт кызматынын Ардагерлердин кеңешинин төрагасы Мэлс Белеков, "Динамо" КДТСнун төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, Күзөт кызатынын Бишкек шаары боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Бийбосунов кичи-футбол аянтчасы, самбо жана ок атуучу жайдын оңдоонун жыйынтыгы менен таанышып, акыркы жолу өткөрүлгөн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган саптык жүрүшкө катышкан Күзөт кызматынын кызматкерлерине медалдарды жана грамоталарды тапшырды.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имараттын фасадынын каптоолору жаңыланып, кичи-футбол аянтчасы, ок атуучу аянтча, душ жана дааратканалар кайрадан жасалгаланды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрү кубок, грамота жана медалдар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, "Мыкты оюнчу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу" жана "Мыкты чабуулчу" номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий