• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгына жаңы имарат курулат

Аймак 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салуу аземи өттү.

ИИМден билдиришкендей, иш-чарага Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шарынын ИИББдин башчысы Дамир Исаков, Ош облусунун ИИББнын башчысы Нурланбек Бурканов, ошондой эле ардагерлер жана өздүк курамы катышышты.

Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги өз сөзүндө, милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуунун жана алардын ыкчам даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылууда, бул долбоор маанилүү экендигин айтып кетти.

Бул эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 889,5 чарчы метрди түзөт, 16 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан каржыланат.

Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий