• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМдин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин жаркын элесине арналган мелдеш өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Ички иштер министрлигинин 2017-жылдын 30-январындагы №65 буйругунун негизинде, ички иштер органдарынын атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлеринин ок атуу жана дене тарбия даярдыгын жогорулатуу максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун бөлүктөр арасында 2017-жылдын 21-22-февралында “Динамо” спорттук клубунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мелдешти Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Асанов Курсан Сатарович ачып, андан кийин ал кызматкерлерге күжүрмөн самбо боюнча ыкмаларды көргөздү.

Мелдешке төмөндөгү командалар катышат:
- Батальона № 1-1 команда;
- Батальон № 2- 1 команда;
- Батальон № 3- 1 команда;
- АОО (атайын багыттагы отряд)№1-2 командалары;
- АОО №2-1команда;
- ӨР ш. Жалал-Абад, 5 бөлүм АОО № 2 Жалал-Абад ш - 1 команда;
- ӨР ш. Баткен, 4 отдел, АОО № 2 Баткен ш.- 1 команда;
- ӨР ш. Балыкчы , 7 бөлүм АОО № 1 Каракол ш.- 1 команда.
Мелдешке ар бир командадан алтыдан кызматкер ат салышууда.

Мелдешке катышкан кызматкерлер 68 кг, 74 кг, 82 кг, 90 кг, 100 кг чейин жана 100 кг жогорку салмакта мөөрөй талашат.

Пикир

Оставить комментарий