• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 09.06.23./Кабар/. Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгында жаңы рентген бөлмөсү ачылып, жаңы аппарат менен камсыздалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, медицина илимдеринин доктору, профессор, эл аралык жогорку медициналык мектебинин ректору Сталбек Ахунбаев, ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эркин Жээнмуратов жана дарыгерлер катышты.

Буга чейинки рентген аппараты эскилиги жетип жарактан чыгып калгандыгына байланыштуу бейтаптарды кароодо бир топ кыйынчылыктар жаралган.

Кореяда жасалган “DRGEM” үлгүсүндөгү рентген аппараты башкалардан жогорку сапаттагы сүрөтү жана бейтапка радиациянын тийгизген таасиринин аздыгы менен айырмаланат жана рентгендин сүрөтүн кезекте туруп күтүүнүн кажети жок. Анткени, бир мүнөттүн ичинде сүрөт даяр болуп тиешелүү дарыгерлердин компьютерине Bluetooth аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий