ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Македониянын Скопье шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты кабарлады.

Турганбаев 56-60 жашка чейинкилердин 78 килограмм салмакка чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Ал чейрек финалда россиялык балбанды утуп, жарым финалда франциялык спортчудан утулган. Коло медаль үчүн украиналык спортчу менен күрөшкөн.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2016-жылы Польшада өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий