• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда ИИМдин "Шамкар" атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Октябрь Урмамбетов, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМ Академиясынын башчысы Тариель Абитов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Атайын багыттагы полкунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сейитбек Исаев, полктун командири Майрамбек Имангазиев, мурунку командирлер, ошондой эле ардагерлер, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары жана өздүк курам катышты.

Улан Ниязбеков катышуучуларды ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 10 жылдык мааракеси менен куттуктады

"Өз ишине берилгендик, кайраттуулук, кыраакылык, ыкчамдуулук – Сиздерге тиешелүү эң жогорку сапаттар деп эсептеймин. Биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен келишкис, аесуз күрөш жүргүзүү, дүйнөлүк жана мамлекеттик дээңгелдеги өткөрүлүп жаткан орчундуу иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, коомдук иш-чараларда, ар кандай саясий акццяларда коомдук тартипти бекем сактоо жана жарандарга жан дилинен жардам көрсөтүү милдети тапшырылган. Биздин кызматкерлердин сапаттуу ишмердүүлүгү – өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептелет.

Өткөн жылы республика боюнча 2 миң 720 ар кандай коомдук, саясий, спорттук иш-чараларын жүрүшүндө жана жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусундагы 40тан ашуун эс алуу жайларында коомдук тартипти жогорку денгээлде камсыз кылышты. Ошондой эле өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жыл ичинде миңден ашык атайын операцияларды ишке ашырып, 524 кылмышкерди колго түшүрүүгө жетишти. Айрыкча, Баткен окуяларында алар баатырдыктын, Мекенге жан дилинен берилип кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтө алышты. Полктун кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары жана алдына коюлган тапшырмаларды так жоопкерчиликтүү аткаргандыгы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жогору бааланып, мамлекеттик баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Элибиздин жыргалчылыгы, коопсуздугу жана келечеги үчүн бел чечпей иштеп, жарандардын коопсуздугун жана эркиндиктерин бекем сактоого арналган багытыбызда дайыма ийгиликтер жарала беришине тилектешмин. Сиздердин баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, узун өмүр, күч-кубат, чексиз кайраттуулукту жана ийгиликтерди каалаймын!

Майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын, бар болуңуздар, аман болуңуздар!", - деди Улан Ниязбеков.

Соңунда кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн 133 кызматкерлерге, ошондой эле кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайларына жана алардын жакын туугандарына министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий