Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун өздүк курамы тарабынан ишембилик өткөрүлдү.
ИИМден билдиришкендей, аталган борбордун айлана-тегерегин тазалоо жана бак-дарактарды актоо жумуштары жүргүзүлүп, имараттын айланасына жаңы гүлдөр жана көчөттөр олтургузулду.
Ошондой эле балдар үчүн арналган ойноо аянтчасы да иретке келтирилип, сырдоо иштери жүрдү.
Пикир
Оставить комментарий