• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМдин өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу борборунда окуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.04.24./Кабар/. Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунда атайын окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Окутуу Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун өздүк курамына "Жашы жете электер арасында баңгизаттарды колдонууга каршы күрөшүү" темасында уюштурулган.

Анын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Чолпон Табалдиева жана Умида Исматова, ЖУАБдын өздүк курамына "Балдар арасында баңгизаттарга каршы күрөшүү жана аларды алдын алуу" темасында сабак өтүштү.

Сабактын негизги максаты өздүк курамдын бул багыттагы билимдерин жогорулатуу, өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жайылтууну алдын алуу болду. Сабактын жүрүшүндө баңгизаттардын ден-соолукка тийгизген таасири, баңгизаттардын түрлөрү, алардын зыяндуулугу боюнча талкуулар болду.

Ошондой эле социалдык тармактар жана мобилдик мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңги заттардын таратылышы жана өспүрүмдөрдүн баңги кылмыштарына тартылышы боюнча кенен маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий