Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басарлыгынан бошотулду
28/09/22 16:18 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий