Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Пикир
Оставить комментарий