• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын өткөрдү, анын курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери жана механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду.

Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле илим чөйрөсүндөгү көйгөйлүү аспектилерди да талкуулап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин салымы жетишсиз экендигин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, буга байланыштуу тиешелүү чечим долбоору түзүлдү.

Мындан тышкары, жакынкы арада Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий