Илим Карыпбеков: Президенттин колдоосу альпинисттерге эбегейсиз дем-күч берди

Спорт 0


Бишкек, 06.06.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Мамлекет башчынын колдоосу альпинисттерге эбегейсиз дем-күч берди. Бул тууралуу Эверест чокусун багындырган төртүнчү кыргызстандык катары тарыхта калган Илим Карыпбеков билдирди.

Ал альпинист үчүн бийиктикти багындырууда артында колдогон эли, мамлекети, президенти болсо чоң дем болоорун жана мындай практика бүт өлкөдө бар экенине токтолду.

“Эгерде өлкө башчы колдоп, каражатын берип, жакшы сөзүн айтып, желегин колуна карматып, “урматтуу жараным, ушул желекти аман-эсен, сак-саламатта чыгарып кел” деп батасын берип жөнөтүп атса, бул биринчи кезекте альпинистке өтө керектүү болгон дем-күч. Ошол дем менен, күч менен, “менин аркамда колдоп турган президентим, элим, мамлекетим бар” деп сыймыктануу менен чыгасың. Президенттин колдоосу бизге чоң дем болду” , - деди Илим Карыпбеков.

Ал мындай колдоо үчүн өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын айтып, альпинизмдин маанилүүлүгү, баалуулугу башка тоолуу өлкөлөрдө даңазаланып, баркталгандай Кыргызстанда да кадыр-баркы көтөрүлүшү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий