• 87
  • 90.41
  • 0.84

Илим Карыпбековго операция жасалды, врачтар ал жашайт деп үмүттөнүшүүдө

Коом 0

Бишкек, 1-мартта /Кабар/. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун ич көңдөйүнө 2 сааттык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 3 тө Бишкектин түштүк магистралынды КТРКнын башкы директорунун катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Ал А.Токомбаев көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып, “Сенатор” кафесинин маңдайында унаа тосмодон өтүп, түркүктү барып сүзгөн. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

Е.Баялинованын айтымында, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы врачы Алмазбек Кубатбеков И.Карыпбеков жашайт деген үмүтүн билдирген.

“Азыркы учурда ал эч нерсеге муктаж эмес, бардык зарыл дары-дармектер бар”,-деди Е.Баялинова.

Ошондой эле, ал Саламаттыкты сактоо министри Таланбек Батыралив бейтапка барып, анын дарылануусун жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий