Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск өзүнүн SpaceX аэрокосмостук компаниясынын штаб-квартирасын Техастагы Старбейс жаңы шаарына көчүрөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн Х социалдык тармагындагы баракчасында билдиргенин Lenta.ru басылмасы жазып чыкты.
"Эми SpaceXтин расмий штаб-квартирасы Техас штатындагы Старбейс шаарында болот" деди ал.
Белгилей кетсек, Илон Маск SpaceX компаниясынын жергиликтүү судьяга жөнөткөн катынын текстин өз баракчасына кайрадан бөлүштү. Билдирүүдө «Starbase» космостук учуруу аянтына шаар статусун берүү үчүн шайлоо мүмкүнчүлүгүн берүү суралат. Ошондой эле аталган базада компаниянын жүздөгөн кызматкерлери жашаары белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий