• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Иманкулов КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россиянын Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он экинчи жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый эс тутумун сактоо, неонацизмге каршы туруу жана КМШда салттуу баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү, ошондой эле кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде маалыматтык коопсуздук жана Афганистан боюнча өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө дүйнөдөгү кырдаалдын туруктуу жана ар кандай вектордук эскалациясы, ошондой эле чырдашып жаткан айрым тараптардын диалог жүргүзгүсү келбегендиги жалпы стабилдүүлүктү сактоо үчүн тобокелдиктерди кыйла жогорулатарын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы негизги чакырыктардын жана коркунучтардын катарында ядролук куралды колдонуу коркунучун, айыккыс вирустук оорулардын жайылышын жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун башка тобокелдиктерин, гибриддик агрессия куралдарын колдонуу аркылуу дүйнөнүн ар кайсы аймактарында чыр-чатактуу потенциалдын жогорулашын, аскердик максаттарда учкучсуз системаларды жана жасалма интеллектти колдонулушун, өлкөлөрдүн санариптик эгемендүүлүгүнө болгон коркунучтарын жана башкаларды белгиледи.

Марат Иманкулов чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу Шериктештиктин алкагында жаңы заманбап ар түрдүү материалдык, санариптик жана маалыматтык күчтөрдүн жана каражаттардын натыйжалуу резервдерин түзүү менен бирге тиешелүү адаптациялык стратегияларды жана тактикаларды иштеп чыгууну талап кыларын айтып өттү. Өз кезегинде регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максаттары КМШ форматында өз ара пайдалуу жана тең укуктуу мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү жана башка эл аралык уюмдар жана кызыкдар тараптар менен конструктивдүү кызматташуу аркылуу жетишилет.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Белгисиз жоокердин эстелигинин жанындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюуга да катышты.

Пикир

Оставить комментарий