• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Индияда кыргыз тасмаларынын кинофестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-7-октябрында Индияда кыргыз тасмаларынын кинофестивалы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Эл аралык медиа жана оюн-зоок өнөр жай палатасы, «Marwah Studios» жана дүйнөдөгү он мыкты кино мектептеринин бири болуп саналган Азиянын кино жана телекөрсөтүү академиясынын көмөгү менен Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданий атташелер, киноиндустриянын өкүлдөрү, медиа чөйрөлөр жана Индиянын массалык маалымат каражаттары болду.

Куттуктоо сөзүндө КР элчиси Асеин Исаев ата мекендик кинонун “кыргыз керемети” феномени Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров жана башкалар сыяктуу режиссерлордун аркасында пайда болгонун белгиледи. "Мында негизги ролду, албетте, 60-70-жылдары Кинематографисттер союзун жетектеген Чыңгыз Айтматов ойногон. Анын чыгармаларынын негизинде дүйнөлүк кинонун алтын фондуна кирген тасмалар тартылган", - деди ал.

А.Исаев ошондой эле быйыл кыргыз киносу 80 жылдыгын белгилеп жатканын билдирип, заманбап кыргыз киносу да эл аралык деңгээлде таанылып, учурдагы режиссёрлордун тасмалары ар кандай эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болуп жатканын кошумчалады.

«Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Эрте келген турналар»;, «Бөрү зындан» сыяктуу белгилүү фильмдерди тарткан советтик жана кыргыз киносунун көрүнүктүү режиссеру Болот Шамшиевдин 80 жылдыгын белгилөө тууралуу өзүнчө сөз болду.

Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган классикалык тасма «Саманчынын жолу» жана ошондой эле жаңы муундагы кыргыз кинематографисттеринин «Курманжан Датка» жана "Дарак ыры» көркөм тасмалары көрсөтүлдү.

Бардык кыргыз тасмалары көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырды жана салтанаттын ардактуу коноктору тарабынан жогору бааланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында С.Марва индиялык көрүүчүлөрдүн кыргыз киносуна болгон терең кызыгуусун белгиледи.

Буга байланыштуу биздин өлкөлөрдүн маданий жакындашуусуна багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Мындан тышкары, фестивалдын алкагында элчилик КРнын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Элчилик С.Марвага жана «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына фестивалды уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий