Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, «Манас» эл аралык аэропортунан Индиянын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекеттин башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге коюу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий