• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Индонезияда шайлоодогу добуштарды саноодон чарчап каза болгондордун саны 367 жетти

Дүйнө 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Индонезиянын Улуттук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү 17-апрелде өткөн жалпы добуш берүүдөн кийин чарчоодон улам каза болгон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 367 жетип, 2151 киши ооруп калганын маалымдады.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Индонезияда биринчи жолу бир эле учурда президенттен тышкары, парламенттин депутаттарын жана аймактар менен округдардын мыйзам чыгаруу органдарынын мүчөлөрүн шайлоодо добуштарды саноо учурунда каза тапкандардын саны дагы деле өсүүдө.

Anadolu агенттиги кабарлагандай, Индонезия бийлиги добуштарды саноо процессине 7 миллион кишини тарткан. Индонезиянын Улуттук шайлоо комиссиясынын орун басары Ариф Рахман Хакими бул өлкөдөгү шайлоодо добуштарды саноо учурунда каза болгондордун саны 367ге көбөйгөнүн жана 2151 киши ооруп калганын билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун 70%ы 40 жаштан ашкандар болгон жана алар иш убактысы көпкө созулгандыктан улам чарчап-чаалыгып каза болушкан. Мындан тышкары, оорудан жана чарчоодон улам 20дай полиция кызматкери каза тапкан.

Оппозициялык партиялардын сынына кабылган Индонезия бийлиги шайлоодо каза болгон ар бир адамдын үй-бүлөсүнө 2500 доллардан компенсация төлөнөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий