Индонезияда жергиликтүү тургундар беш метрлик питондун ичинен аялдын сөөгүн алып чыгышты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Индонезияда узундугу 5 метрге жеткен питон аялды жутуп алган. Бир күндөн соң аялдын сөөгүн жыландын ичинен табылды. Бул тууралуу Fox News телеканалы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, окуя Түштүк Сулавеси провинциясынын Калемпанг калктуу пунктунда болгон. 6-июнда 45 жаштагы аял токой аркылуу базарга жөнөгөн.

Индонезиялык тургундун үйгө кайтып келбегенинен улам издөө иштери башталган. Анда тургундар токойдон ичи көөп кеткен беш метрлик питонду жолуктурушкан. Шек санашкандыктан алар жыланды өлтүрүп, ичинен аялдын сөөгүн алып чыгышкан.

Ушундай эле окуя 2022-жылы Жамби провинциясында катталган. Тилекке каршы анда да аял кишини питон жутуп алган. Ал эми Филиппинде былтыр жылан эркек кишини тиштеп алган. Тулку боюн питон кыса баштаганда, тиги адам амалкөйлүк кылып питонго каршылык көрсөтүп кутулуп чыкканга үлгүргөн.

Белгилей кетсек, алты метрден ашкан чоң питондор Индонезия жана Филиппинде кездешет. Мындай уулуу эмес жыландар адамдарга чанда гана убакта кол салат. Көбүнесе алар майда жаныбарларга аңчылык кылат.

Пикир

Оставить комментарий