Instagram автоматтык түрдө калтырылган “лайк” жана комментарийлерди өчүрөт

Дүйнө 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Instagram администациясы атайын “жакты” белгисин басып, комментарийлерди калтырып жана башкаларга жазылган колдонмолор менен күрөшүүгө чара көрөт. Бул тууралуу аталган сервистин сайтында кабарланат.

“Акыркы учурда жазылган аккаундтардын санын жасалма жол менен көбөйтүү үчүн көп программалар пайда болгон. Бул соцтармактын мыйзамына туура келбейт. Бул менен күрөшүү жүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алар бүгүнкү күндөн баштап автоматтык турдө коюлган "лайктар" жана комментарийлер өчүрүлөөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий