• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Инвестиция катары кыргыз алтыны келечекке пайдалуу

Аналитика 0

Кыргызстан өлчөнгөн алтын куймаларынын ички рыногун өнүктүрүүдө. Эксперттер белгилегендей, бул өтө олуттуу комплекстүү экономикалык эффект берген өтө маанилүү багыт. Баалуу металлдарга инвестиция салуу - бул инвестициянын эски жана кеңири таралган ыкмасы. Алтын дайыма кымбаттап турат жана иш жүзүндө инфляцияга дуушар болбойт, ошондуктан кээде банктык пайыздан ашкан пассивдүү кирешенин булагы болуп саналат.

Бул багыттын дагы бир айкын артыкчылыгы - мамлекеттин ички өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Алтын Кыргызстандын кендеринде казылып алынат, анда биздин адистер иштейт. Бардык акчалар, баалуу металл сыяктуу эле, өлкөдө калып, ата мекендик экономика үчүн иштейт. Бул улуттук валютанын туруктуулугун жана макроэкономикалык стабилдүүлүктү колдогон кошумча факторлор.

Президент Садыр Жапаров сентябрь айынын башында ачылган “Кыргызалтын” ишканасы ачкан дүкөндү кечээ, 10-октябрда көрүп кеткен. Бул дүкөндө салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки ар кандай өлчөнгөн таза алтын куймалары сатылууда. Мамлекет башчысы алтынга болгон суроо-талапка кызыгып, учурда сатуунун көлөмү бир айга жакын убакытта 50 миллион сомду түздү деген жооп алды.

«Кыргызалтын» ААК продукциясын сатып алууда биздин жарандар үчүн дагы, чет өлкөлүктөр үчүн дагы эч кандай чектөөлөр болбошу керектиги баса белгиленди, анткени өлкөдө казылып алынган алтын акыры эл аралык биржаларда сатылат, ал жерде баалар фирмалык дүкөндөн арзан болушу мүмкүн.

Ички баалуу металлдар рыногу келечекте ата мекендик инвесторлор үчүн, биринчи кезекте Кыргызстандын жарандары үчүн өздөрүнүн аманаттарын сактоо жана көбөйтүү аянтчалардын бирине айлануусу мүмкүн. “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар бүгүн аны сатышса, 34 миң АКШ доллары киреше алышарын билдирди. Бул учурдагы базар баалары.

Негизи, фирмалык дүкөн ушундай эреже менен иштейт. Бул жерде алтын эле сатылбастан, кайра сатып алынат. Өлчөө куймасы ар дайым кайтарылып берилиши мүмкүн жана эгерде ал бир нече убакыттан кийин мурункуга салыштырмалуу "оорураак" болуп калышы мүмкүн. Инвестициялардын бул түрү абдан пайдалуу деп эсептелет, бирок мындай учурда, эксперттер белгилегендей, максималдуу пайда алуу үчүн дүйнөлүк бааларды жана котировкаларды кылдаттык менен көзөмөлдөп туруш керек.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде, бул тармакты өнүктүрүүнүн келечегине токтолду,- «Биздин экономикабызда алтын өндүрүү абдан маанилүү орун алган өлкөбүз. Ошондуктан, Улуттук банктын площадкаларында жана биздин Кыргыз фондулук биржасында өлчөнгөн куймалардын (1 кг чейин) эркин жүгүртүүсү инвесторлордун суроо-талаптарын олуттуу түрдө стимулдаштырууда. Алар дагы бир каржылык куралга ээ болуп, кошумча киреше алганы, көптөрдү кызыктырат.

Ошол эле учурда биздин биржада стандарттуу куймалардын дагы жүгүртүүсүн тез арада уюштурса жакшы болмок, анткени алтынга зергерчилик жана башка ишканалардын арасында өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдө чоң суроо-талап бар. Кыргызстанда абдан көп алтын өндүрүлөт, анын сапаты дагы абдан жакшы, дүйнөлүк рыноктун талабына жооп берет. Демек, келечекте 10—13 килограмм салмактагы стандарттуу куймаларды жүгүртүүгө киргизсек пайдалуу болмок. Бул ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө олуттуу стимул болуп, чет өлкөдөн ири инвесторлорду тартууга шарт түзмөк. Учурдагы дүйнөлүк туруксуздукту эске алганда, алтынга инвестициялоо абдан пайдалуу болуп баратканын эске алуу керек.

Азыр бул рынокту өнүктүрүүгө убакыт келди. Бул аркылуу биз өлчөнгөн жана стандарттуу куймалардын эл аралык жүгүртүүгө катышуу үчүн даярдык көрө алабыз. Ал эми бүгүнкү күндө бул ЕАЭБ чөлкөмүндө да, бүткүл дүйнөдө да олуттуу келечек», - деп белгилейт Нурбек Элебаев.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров алтынга болгон инвестиция эң ишенимдүү экенине басым жасайт. «Бул жарандардын инвестициясы үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк, киреше. Бул эң ишенимдүү валюта, башка варианттарды издөөнүн кереги жок. Бүгүнкү күндө бул үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлдү, 1 граммдан тарта куймаларды сатып алууга болот. 2, 5, 30дан 100 граммга чейинки өлчөмдөр бар. Жарандардын киреше денгээлдери ар кандай болсо дагы, инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү ачылат.

Акыркы жылдарда алтындын баасы тынымсыз өсүп жатат, мындан бир нече жыл мурун бир трой унциясы 300 долларды түзгөн, азыр анын баасы 2600 доллардан ашты. Бул жарандардын инвестициясынын коопсуздугунун жана көбөйүшүнүн кепилдиги. Баалуу металлдарга салынган акча арзандабайт. Бул биздин экономика үчүн олуттуу кошумча стимул», - деп баса белгиледи Төлөнбек Абдыров.

Алтын Кыргызстанда экономикалык туруктуулуктун кандайдыр бир гаранты болуп баратат. Бул баалуу ресурс, анын жардамы менен жарандардын аманаттарын сактоого жана көбөйтүүгө болот Ал эми мамлекет үчүн Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү финансылык курал.

Материалды даярдаган Кирилл Степанюк, которгон Бактыбек Мамбетов

Пикир

Оставить комментарий