• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Инвестицияларды тартуу боюнча ЖК токтомунун бир бөлүгү аткарылса, бир бөлүгү аткарыла элек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Парламенттин жыйынында "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча КР өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2016-жылдын токтомунун аткарылышынын жүрүшү каралды.

Бул маселе боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган тиешелүү өкмөт өкүлдөрү менен тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Талкууда депутат Жанарбек Акаев келген инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын чыр-чатаксыз иш алпаруусунун механизмин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Депутат Зиядин Жамалдинов ак ниет инвесторлорго баардык зарыл шарттар түзүлүшү керектигин кошумчалады.

"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2016-жылдын токтомдо белгиленген Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскаддары, Көкө-Мерен, Сары-Жаз дарыяларына 5 ГЭС куруу, Ноокат шаарынын канализациясы боюнча долбоор жана башкалар тууралуу иштер бүгүнкүдөй темп менен кете турган болсо 2023, 2040-жылдарга карата белгиленген программалар ишке ашырылбайт", – дейт депутат Мыктыбек Абдылдаев.

Депутат Айтмамат Назаров инвестиция тартуу үчүн ар кандай тоскоолдуктарды алып салуу боюнча Өкмөт жарытылуу иштерди кылбагандыгын сынга алып, бир катар мисалдарды келтирди.

Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров токтомдо белгиленген 36 пункттун 29у аткарылып, калганы аткаруу үстүндө экендигин маалымдады. Комитет аткарылган пункттарды көзөмөлдөн алып, калган пункттардын аткарылышынө ыкчамдатуу боюнча Жогорку Кеӊештин токтом долбоорун даярдалган. Токтом долбоору талкууда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен добушка коюлуп, кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий