• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Инвестицияларды тартуу жана башкаларды жөнгө салуучу КР мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны, лицензиялык-уруксат берүү системасын өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ашыкча контролдоо функцияларын алып салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик-жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

  • президенттин администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү;
  • “Манас” эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы” мекемесинин, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү.

Эксперттик-жумушчу топ 2024-жылдын 1-ноябрына чейин өз ишин бүтүрүп, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды КР президентинин администрациясына киргизүү боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий