• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттиги тарабынан МЖӨ чөйрөсүндө 165 млн долларга 15 долбоор ишке ашууда

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) чөйрөсүндө суммасы 165 млн. АКШ долларын түзгөн 15 долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин МЖӨ бөлүмүнүн башчысы Данияр Абдылдаев билдирди.

Ал белгилегендей, аталган долбоорлордун ичинен 4 транспорт чөйрөсүндө, 3 саламаттыкты сактоо, 2 туризм жана спорт жаатында. Андан тышкары билим берүү жана камсыздандыруу ж.б. чөйлөрүндө да долбоорлор бар.

“Белгилүү болгондой МЖӨ - бул жаңы механизм. Ошол себептен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Биздин тараптан ошол иштер жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик, муниципалдык органдарда жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн окутуу семинарлары жүргүзүлүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Агенттик чет өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан форумдарга катышат”, - дейт ал.

Абдылдаевдин айтуусунда, Кыргызстанда 2018-жылдын жыйынтыгы менен МЖӨнүн алкагында гемодиализ борборун ачуу долбоору ишке ашкан. Бул долбоор дагы 4 объект ачууну өзүнө камтыйт. Алар: Бишкекте 2 борбор, Жалал-Абад менен Ош облустарында бирден.

“Экинчи кол коюлган келишим – “Кызыл Кыргызстан” кинотеатрын кайра калыбына келтирүү боюнча. Бул долбоордун суммасы 300 миң долларды түзөт”, - дейт Абдылдаев.

Пикир

Оставить комментарий