• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Инвестордон $550 миң опузалаган кыргыз жана казак жарандары кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги менен байланышка жамынып 550 миң АКШ долларын опузалап талап кылган Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары кармалды.

Атайын кызмат өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында 19-июнда кыргыз жараны А.Э.Н. жана казак жараны П.И. кармалды.

Аталган жарандар УКМКнын жетекчилиги менен тыгыз байланышка жамынып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбек (Көлбаев) жана ага тиешеси бар адамдар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап акча талап кылуу жолу менен чет элдик инвестордон 550 миң доллар алышкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий