• 87
  • 90.41
  • 0.84

Иосиф Кобзон каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. СССРдин эл артисти, РФ Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзон каза болду. Бул тууралуу Россиянын бир катар ЖМКры жазып чыгышты.

“СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон каза болду. Ал 80 жашта эле”, - деп жазылат маалыматтарда.

Кобзон 20-июлда оор абалда ооруканага жаткырылган. Ырчы 2005-жылы рак илдетине кабылган. Андан бери ага бир нече жолу операция жасашкан.

Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Донецк облусундагы Часов Яр шаарында туулган.

Пикир

Оставить комментарий