• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Ипотекалык үйлөр 4 жана 8% менен берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ипотекалык үйлөр кезекке тургандарга 4%, 50 пайыздык үлүш менен алгандарга 8% менен берилет. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

"4 пайыз менен турак жай алган жарандарга ипотека 25 жылга берилет. Алар мүмкүн 10 жылда же 15 жылда ипотекасын төлөп бүтсө, калган жылдардын пайызы алынбайт. Бул да болсо мамлекеттин элге болгон камкордугу. Облустардагы бардык ипотекалык курулуштар өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө. Берилип жаткан батирлердин чарчы метри 650 доллардан сатылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий