Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бүгүн, 5-сентябрда саат 20:00дө Ала-Тоо аянтында бардык футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстандын улуттук курама командаларынын беттешин чогуу көрүү үчүн фан-зона уюштурулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, “Акшумкар” командасы өз сапарын 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоонун 3-раундунда баштайт. Бул биздин улуттук курама команданын биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
Шаардыктарды шоу-программа, оюн аянтчалары, аквагрим, сынактар жана белектер күтөт. Ошондой эле шоу-программанын алкагында эстрада артисттери Баястан,Nilo жана Айым Айылчиевалар өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Белгилей кетсек, иш-чарага кирүү акысыз, беттеш саат 22:00дө башталат.
Пикир
Оставить комментарий