Иранда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүдө.

ТАСС маалымдагандай, Ирандын жаңы президенти бүгүн, 5-июлга дайындалган шайлоонун экинчи турунда аныкталат. Муну менен өлкөнү 9-президент башкарып калат.

Президенттик орунга 69 жаштагы мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиян менен 58 жаштагы Коопсуздук кеңешинин өкүлү Саид Жалили ат салышууда.

28-июнда өткөн шайлоонун 1-турунда Пезешкиян 44%, Жалили 40% добушка ээ болгон. Жеңишке жетүү үчүн 50%дан жогору добуш алуу керек.

Шайлоонун 1-турунда төрт талапкер: парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Пурмохаммади жана парламент депутаты, мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиян катышкан.

Белгилей кетсек, Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктан каза болгондон кийин дайындалган. Кыйраган тик учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да болгон. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий