Иранда президенттик шайлоонун экинчи туру өтмөй болду

Дүйнө 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру өтмөй болду.

Интерфакс маалымдагандай, Ирандын жаңы президенти 5-июлга дайындалган шайлоонун кийинки турунда аныкталат. Муну менен өлкөнү 9-президент башкарат.

Шайлоо штабынын маалыматы боюнча, Пезешкиан 42,5% добушка ээ болсо, Жалилини 38,7% шайлоочу колдогон.

Шайлоого төрт талапкер: парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Пурмохаммади жана парламент депутаты Масуд Пезешкиан катышты.

Алардын бири дагы шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ боло алган жок.

Белгилей кетсек, Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктан каза болгондон кийин дайындалган. Кыйраган тик учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да болгон. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий