• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ирандын президенти Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биз адамдар жаратылыштын бир бөлүгү катары жаңы мезгилдин келиши менен жүрөктөрүбүздөгү жаңы жазды ойготуп, жан дүйнөбүздөгү жалкоолуктан жана аракетсиздиктен арылып, жашоонун булагын, ойдун тазалыгын жана саламаттыгыбызды жандантабыз деп үмүттөнөм.

Өткөн жылы коронавирус инфекциясынын кесепети дүйнө жүзүнө көптөгөн экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү алып келгенине күбө болдук.

Жаңы жылда өлкөлөр ортосундагы өз ара байланыштардын жана кызматташуунун негизинде, ошондой эле коронавирусту көзөмөлдөө жана алдын алууда Нооруз биздин элдердин жаңы жашоосу болуп, ал эми бакыт, бакубатчылык, ден соолук жана бейпилдик дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүнө кайтып келет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Хасан Рухани Садыр Жапаровго чын ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубат жашоо каалады.

Пикир

Оставить комментарий