• 87
  • 90.63
  • 0.79

Исаев: Кыргызстандык мигранттардын балдары Россиянын мектептеринде окууга толук укуктуу

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Кыргызстандык мигранттардын балдары Россиянын мектептеринде билим алууга толук укуктуу, алар эки тараптуу келишимдер, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы келишимдер менен корголот. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев бүгүн, 19-21-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны өтүп, анда өзгөчө Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга байланыштуу маселелер талкууланган.

"Россия тарап кырдаалды Москвадагы ири теракттан кийин алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү, бирок учурда укук коргоо органдары менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Россия тарап мигранттардын орус мектептерине баруусуна эч кандай чектөөлөр жок экенин, алар учурдагы эрежелерди сактап, мектептерге алдын ала каттоодон өтүшү керектигин белгиледи", - деди министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев.

Белгилей кетсек, Россиянын Мамлекеттик Думасы чет элдик жарандардын балдарына акы төлөнүүчү билим берүүнү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун талкуулап жатат, мындан тышкары мамлекеттик органдар тарабынан башка чектөөлөр дагы киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий