• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Исаева: Кыргызстан коопсуздукту камсыздоого, зомбулуктун алдын алууга активдүү катышкан коомду түзүүгө умтулууда

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-айымдарынын диалогунун II отуруму өтүүдө.

Парламенттен билдиришкендей, отурумдун ачылышында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева аялдардын укуктарын коргоо багытындагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды биргелешип чечүүдө бул диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Борбор Азиядагы лидер-айымдардын диалогу негизделгенден бери аялдарды колдоого арналган актуалдуу маселелерди биргелешип талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” аталышындагы бүгүнкү конференция мунун анык мисалы. II отурумубуздун бул темасы бекеринен тандалган эмес. Аталган маселе 2000-жылдагы Коопсуздук кеңешинин күн тартибине да негизги темалардын бири катары киргизилген. Анда аялдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы 1325-резолюция кабыл алынган” - деди Исаева.

Андан тышкары, төраганын орун басары Кыргызстан тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, өлкөбүздүн улуттук мыйзамдары аялдардын коомдук-саясий турмуштагы тең укуктуулугун камсыздоого багытталгандыгын кошумчалады.

“Анын ичинен президент Садыр Жапаров быйылкы жылдын сентябрь айында “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду” - деген Жамиля Исаева аталган документ зомбулуктун алдын алуу багытындагы комплекстүү чараларды камтый тургандыгын сөз кылды.

Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кыргызстан аялдардын тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоого жана гендердик зомбулуктун алдын алууга активдүү катыштырган коомду түзүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий