• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Исаева: Президенттин кайрылуусу чындыктан келип чыккан жана туруктуу өнүгүүнү көздөйт

Коом 0

Бишкек, 06.04.21 /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент жаңы Конституцияга кол койду. Муну менен катар ал Кыргызстан элине кайрылуу жасады, анын жүрүшүндө жаңы Конституция тууралуу ойлору менен гана бөлүшпөстөн, өлкөнүн турмушунун бардык тармактарына таасир эткен көптөгөн тармактарга токтолду. Ал Конституциялык реформа – бул башталышы гана экенин жана алдыда көптөгөн иштер бар экенин айтты.

Ушуга байланыштуу эксперттик коом тегерек столго чогулушуп, президенттин кайрылуусун талкуулашты. Рапия Исаева өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Президент өзүнүн кайрылуусунда туруктуу өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул чындыгында эле биздин мындан ары өнүгүшүбүздүн негизин аныктай турган өтө орчундуу учур. Биздин чындык менен айкалышкан креативдүү экономика жаатында идеялар бар”,-деди ал.

Педагогикалык илимдердин доктору жаңы Конституциянын максаттарын толугу менен ишке ашыруу үчүн мыйзамдард жана жоболорду өркүндөтүү зарыл. “Мыйзамдар жана башка тишелүү негиздер толугу менен иштегенде гана туруктуу өсүш болот. Мындай ыкма кадрдык секирикти жок кылат”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий