• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Исаева Вьетнамдын Улуттук ассамблеясынын спикеринин орун басары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Вьетнамдын Улуттук Ассамблеясынын спикеринин биринчи орун басары Нгуен Кхак Динь башында турган Вьетнамдын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары боюнча пикир алмашты.

Исаева кыргыз тарап эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

"Вьетнам жана Кыргызстандын делегацияларынын ар кандай деңгээлдеги сапарларына карабастан, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жакшы өнүкпөй жатат", - деди ал. Ошондой эле төраганын орун басары бул сапар эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Парламенттер аралык кызматташтык тууралуу айтып жатып Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин Вьетнам менен кызматташтык боюнча достук тобунун иши тууралуу маалымат берди. Ал парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү максатында Вьетнамдын Улуттук Ассамблеясында ушундай эле топ түзүүнү сунуштады.

Төраганын орун басары өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу тармагы болгон соода-экономикалык байланыштарга токтолду. "Кыргызстан үчүн Вьетнам экономикалык кызыкчылыкты туудурат, өзгөчө Вьетнамдын Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташуусу көз карашынан алганда. Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары текстиль өнөр жайын, энергетиканы, айыл чарбасын жана туризмди кароону сунуштайм", - деп билдирди ал.

Өз кезегинде Нгуен Кхак Динь делагация мүчөлөрүнүн атынан жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар эки тараптуу мамилелердин, айрыкча, парламенттер аралык байланыштардын өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди.

"Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда саясий ишенимдин жогорку деңгээли бар, бул бардык тармактарда мындан ары натыйжалуу кызматташуу үчүн негиз болуп саналат", - деп белгиледи Улуттук Ассамблеянын спикеринин орун басары. Ал достук тобун түзүү демилгесин колдоду, бул эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара байланышты тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү шексиз.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык, инвестициялык тармактарда кызматташуу тууралуу айтып, жолугушууда көтөрүлгөн маселелер жакынкы келечекте практикалык чечим табарына ишеним билдиришти.

Белгилей кетсек, жолугушууга ошондой эле депутаттар Чолпон Султанбекова, Элвира Сурабалдиева катышты.

Пикир

Оставить комментарий