• 89.41
  • 96.91
  • 0.97

Исаков Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Иш-чаранын ачылышына карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун Аткаруучу директору Клаус Шваб сөз сүйлөдү.

Бүгүн, 23-январда, экономикалык форумдун ишинин алкагында Өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышат. Мындан тышкары Колумбия университетинин улук аткаручу вице-президенти Джеральд М. Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили, ошондой эле ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, делегация башчыларын кабыл алуу алкагында Премьер-министр Сапар Исаковдун Швейцариянын Президенти Ален Берсе менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий