• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Исаков: Эгерде ЖОЖдогу медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясын чакыртып алабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында медициналык кадрларды даярдоонун абалы жана аларды саламаттык сактоо мекемелерине бекитүү маселесин кароо учурунда, эгерде ЖОЖдогу медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынаарын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, учурда республиканын калкына медициналык-профилактикалк көмөктү 13 миң 517 врач жана 34 миң 90 орто медициналык билими бар адистер көрсөтөт. Өткөн жылдарга салыштырмалуу врачтардын жалпы саны акыркы 10 жылда 9,8% жогорулаган, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4% жогорулаган.

Ошол эле учурда анын айтымында, үй-бүлөлөлүк врачтар боюнча алсак, акыркы 10 жылда алардын саны, тескерисинче, 202 врачка азайган. Эгерде 2005-жылы алгачкы медициналык көмөк деңгээлинде үй-бүлөлүк врачтар менен 74% камсыздалса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 53% түзөт. Мында медайымдар менен 96,5% камсыздалган.

Талантбек Батыралиевдин айтымында, 10 миң адамга 21,9 врач туура келет, бирок шаар жана айыл ортосунда врачтар менен камсыздоодо кескин географиялык айырмачылык сакталууда. Бишкек жана Ош шаарларында 10 миң адамга карата врачтардын санынын көрсөткүчү эң жогору. Башка айыл жана алыскы райондордо бул көрсөткүч 10 миң адамга 7ден кем саналат.

«2017-жылы бүтүрүүчү клиникалык ординаторлордун жана врач-интерндердин саны 1157 адамды түзгөн, алардын ичинен бюджеттик негизде 256 адам билим алган. Министрлик тараптан жыл сайын бюджеттик негиздеги бүтүрүүчүлөрдү аймактардын кадрларага карата муктаждыктарын эске алуу менен комиссиялык бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө бюджеттик бөлүмдүн 170 бүтүрүүчүсүнүн 113ү бөлүштүрүлгөн жерде жумушка орношкондугун тастыктады, анын 68и аймактарга жөнөтүлгөн», – деди ал.

Саламаттык сактоо министри маалымдагандай, айыл жерлеринде жана алыскы аймактардагы врачтардын тартыштыгы кадрдык ресурстар жаатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

«Үй-бүлөлүк врачтарды мотивациялоонун жоктугу, төмөнкү айлык акы, иш жүктөмдүн оорчулугу, үй-бүлөлүк медицинанын тар адистикке салыштырмалуу анча маанилүү эмес тармак катары кабылданышы, тар адистиктеги адистерди даярдоонун жөнгө салынбагандыгы натыйжада медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн тар адистикти тандоосуна алып келүүдө. Медициналык билим берүү окуу жайлары үй-бүлөлүк врачтарды даярдоого жетиштүү көңүл бурушпайт. Мунун бардыгы аталган врачтардын жетишсиздигине алып келүүдө»,- деди Талантбек Батыралиев.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлиги ЖОЖ жетекчилиги менен биргеликте аймак муктаждыктарын камсыздоо үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуусу зарыл.

Ал мамлекет эсебинен окутуу тутумун жана аны бүтүрүүчүлөрү милдеттүү түрдө аймактарда иштеп берүүсүн жайгаруу зарылдыгын белгиледи.

Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Кыргызстанда 9 медициналык факультет иштейт, бирок анын баарысы клиникалык базага ээ эмес.

Сапар Исаковдун айтымында, келечектеги дарыгерлер тажрыйбалык негизге ээ болуусу үчүн ар-бир факультет клиникалык базага ээ болуусу тийиш.

«Бардык эле медициналык факультеттер клиникалык базага ээ эмес. Белгилесек, аталган факультеттердин жетиштүү каражаты бар. Мени кызыктырганы, клиникалык базага ээ болбой туруп, алар кандайча билим берүүдө? Алар кандайча иш алып барып, кандайча лицензия алууда? Биз бул маселени иликтеп чыгуубуз керек. Эгерде ЖОЖдогу медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынат», – деди ал.

Ошондой эле жыйында санитардык авиация үчүн тикучак алуу маселеси көтөрүлдү.

Өкмөт башчы бул маселе боюнча ыкчам түрдө сунуш киргизүүнү тапшырды. Сапар Исаков тоолуу жерлердин шартында санитардык авиациянын болуусу зарылдыгын белгиледи. Талкуу соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык айтылган маселелерди ишке ашыруу боюнча тыкыр иш-чаралар планын ыкчам тартипте иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий