Исаков Huawei компаниясы тууралуу: “Акылдуу шаар” долбоорун өзүбүз ишке ашыра алабыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин “Өнүгүү – Прогресс”, “Республика – Ата Журт” жана “Ата Мекен” фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат. Жыйын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өтүүдө.

Эл өкүлдөрү өкмөт эмне үчүн “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыра турган Кытайдын Huawei компаниясы менен келишим бузулгандыгына кызыгышты.

Сапар Исаков жооп берип жатып, жеке өзү ушундай чечим кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти өз мойнуна алгандыгын билдирди. Өкмөт башчы кошумчалагандай, өзүбүз “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыра алабыз жана долбоор ишке аша баштады, биринчи натыйжалар бар.

Мурда кабарлангандай, Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүнүн – Горький, Ахунбаев жана Токомбаев (Түштүк магистарль) проспектилери менен кесилишкен жеринде видео көзөмөлдөр орнотулгандыгы жана Ибраимов – Фрунзе көчөлөрүндө да орнотулгандыгы маалымдалган.

Бир нече күн мурда Сапар Исаков “Акылдуу шаар” долбоорунун сынамык режимде ишке киргизүү боюнча бет ачарында билдиргендей, үч күндүн ичинде видео көзөмөлдөр 10,5 миң жол эрежесин бузууну каттап калган.

Пикир

Оставить комментарий