• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ишеналы Арабаев атындагы КМУда эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулду.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөдөгү университеттердин жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Конференцияда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кыргызбай Добаевдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө токтолуп, анын илимге кошкон салымын белгиледи.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында билим берүүнүн артыкчылыктары, санариптештирүү шартында кесиптик билим берүү, педагогикалык кырдаалдар, алардын себептери жана чечүү маселелери жөнүндө докладдар окулду.

Ошондой эле Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын 100дөн ашуун илимий макалалардын авторлору жана окумуштуулар педагогика илиминин инновациялык өзгөчөлүктөрү жана учурдагы маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий