• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү. Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылды

Экономика 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Бишкекте 27-декабрда ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү максатында жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Жарманке “Дордой Плаза” соода борборунда өтүүдө. Анда Кыргызстандын айымдары чыгарган көптөгөн кереметтүү, уникалдуу, сапаттуу, ата мекендик продукциялар коюлду.

Сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында кризистик борборлорго жардам берүүгө жумшалат.

Жарманке саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий